Июнь айынын башында Омбудсмендин Баткен облусундагы өкүлдүгүнүн кызматкерлери 2023 пограничдык заставанын аскер бөлүгүн текшеришкен. Текшерүүдө азык сактоого арналган кампада санитардык талаптар сакталбаганы, ашканада кемчиликтер табылгандыгы аныкталды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге оозеки эскертүүнү беришкен.
Айрым бузулууларга байланыштуу, мисалы кампадагы пияз, помидорлордун температуранын талаптарына туура келбегендиктен бузулуп баштаганы, даяр тамак-аштан күнүмдүк үлгүлөр алынбаганы кирет. Санитардык эрежелерге ылайык, тамак берүүдөн мурда үлгү алынуусу керек, ал өзгөчө муздаткычта сакталат. Бул Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык тууралуу" мыйзамынын 57-беренесин бузуу болуп эсептелет.
Ошондой эле пограничдык заставанын имаратына ремонт талап кылынганы белгиленди. Бирок, аскерлерден кызмат шарттарына байланыштуу даттануулар болгон эмес.
Айрым кемчиликтер экинчи ирет текшерүүдө да толук жоюлбагандыктан, Омбудсмендин Баткен аймактык өкүлү аскер бөлүктүн жетекчилигине тиешелүү чараларды көрүү тууралуу сунуштаманы жолдогон. Жоопкерчиликтүү мамиле кылбоо үчүн аскер бөлүктүн башчылары сөгүш алышкан.
















