Өзбекстандан Кыргыстанга келген 28 тонна жашылча фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп жатканда милдеттүү маркировкасы жок болуп, тиешелүү талаптарга жооп бербегени аныкталды.

Башкача айтканда, текшерүү учурунда 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиздин таңгактарында ЕАЭБ тарабынан талап кылынган бирдиктүү карантиндик белгилер жок болчу.

Бул жагдай Евразиялык экономикалык биримдиктин фитосанитардык эрежелерин бузуу болуп эсептелет жана жүктү импорттогон өлкөгө кайтарып жиберүүгө себеп болду.

Кыргыстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана карантиндик талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин улантарын билдирди.