Кыргызстанда билим берүү методикалык борборлорунун жана окуу-методикалык кабинеттердин түзүмү өзгөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 13-августтагы токтому менен бекитилди.

Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы облустук методикалык борборлор, ошондой эле Ош жана Ысык-Көл облустук билим берүү институттары облустук билим берүү институттарына айланат.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү окуу-методикалык кабинеттер борборлордун өнүгүү борборлоруна айландырылат.

Эми борборлордун милдеттери так бөлүнөт: өнүгүү борборлору методикалык колдоо жеткирүүгө гана көңүл буруп, мугалимдерди текшерүүнү токтотот, ал эми облустук билим берүү институттары мугалимдердин кесиптик карьерасын жогорулатууга багыт берет.

Облустук институттар облустарда атайын курстарды уюштуруп, мугалимдердин квалификациясын көтөрүү менен алектенет.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту методисттерди даярдап, облустук институттардын квалификациясын жогорулатууга жооп берет жана системаны координациялайт.