Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы генералдык консулу Лю Минчэ менен баш калып кездешип, эки тараптуу кызматташтык боюнча жаңы долбоорлорду талкуулады.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары катары соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты чыңдоо, транспорттук логистика жана туризм каралды.
Тараптар кыргыз-кытай регион аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.
Ош шаары ошондой эле Кытайдагы Урумчи, Сиань, Синин, Шицзячжуан, Ланьчжоу, Фошань, Далянь жана Кашгар сыяктуу бир тууган шаарлар менен тыгыз байланыштарын улантып келет.














