Бишкек мэрү Айбек Жунушалиев СИЗО-1дин аймагынын келечеги тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда ал жерди куруу боюнча атайын план иштелип жатат. Бул долбоор даяр болгондон кийин, ал шаар тургундарынын катышуусунда ачык талкуулоого берилет.

Жашыл зоналар жана жолдорго артыкчылык берилет

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева изоляторду бузуп, ордуна парк жасоо же жолдорду кеңейтүү боюнча маалымат сураган. Мэрдин билдирүүсүнө караганда, шаардын генпланын иштеп чыгуу учурунда бир нече маанилүү маселелер аныкталган.

Мэрдин айтымында, борбордогу жашыл аймактардын саны дээрлик үч эсеге аз бойлоп калган. Ошондой эле шаардагы тыгындар өтө курч маселе болуп саналат. Ошол себептүү бош жерлер биринчи кезекте социалдык объекттерди, парктарды курууга жана жолдорду жакшыртууга багытталууда.