Бишкекте биринчи жолу AI BALDAR фестивалы өтөт. Бул уникалдуу иш-чаранын максаты — жаш муундарды робототехника жана жасалма интеллект боюнча таанып-билүүгө кызыктыруу.
Фестивалда катышуучулар робот менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ошондой эле жасалма интеллекттин жардамы менен сайт түзүү процессинде колдонуучу көндүмдөрдү үйрөнүшөт.
Ошондой эле фестивалдын алкагында балдар келечектеги технологиялык кесиптер жана алардын эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу маалымат алышат.



