Кыргызстанда 2026-жылдын экинчи чейрегинде жашоо минимумынын орточо көлөмү 9 873,28 сомду түзгөнү Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылды.
Бул көрсөткүч жашоонун негизги каражаттарын камсыздоого керектелген каражаттын минималдуу деңгээлин чагылдырат. Эркектер жана аялдардан турган эмгекке жарамдуу калктын категориясында жашоо минимумунун эң жогорку суммасы — 11 063,15 сом болуп катталды.
Жашоо минимумы мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын, калктын сатып алуучу жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн маанилүү көрсөткүч катары колдонулат.
