Бишкек шаарындагы төрт валюта алмаштыруучу бюро Улуттук банк тарабынан айыпка жыгылды. Ар бирине 55 000 сомдон айып салынды.
Бул чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын нормативдик документтерине ылайык талаптардын бузулушу үчүн кабыл алынды.
Айып суммасынын жалпы көлөмү 220 000 сомду түзөт.








