Чүй электр тармактары предприяти (Чүй ПЭС) алдамчылардан сак болууну суранат. Белгисиз адамдар «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу керек экенин айтып, адамдардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылууда.

Маалыматтарды кантип текшерсе болот?

Чүй ПЭС боюнча берилген маалыматка ылайык, ишкананын чыныгы кызматкерлери эсептегич орнотуу учурунда ИНН же паспорттук маалыматтарды сурабайт. Эгерде шектенүү жаралса, маалыматты райондук электр тармактарынан (РЭС), сатуу бөлүмдөрүнөн же ишкананын Instagram жана Facebook баракчаларынан тактоо сунушталат.

Байланыш телефондору

Күмөн жаралган учурларда «НЭСК» ААКнын суроо-жооп борборуна төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыз болот: