Государствонун ипотекалык компаниясы (ГИК) өзү түзүлгөн максатына карабай, турак жайларды ар дайым себестоимость боюнча эмес, коммерциялык негизде сатат. Бул реалдуулук каржылык туруктуулукту сактоо жана мамлекеттик турак жай программаларын үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн зарыл.

ГИКтин ишмердүүлүгүндө социалдык жана экономикалык эки принцип бар: арзан турак жай берип, ошол эле учурда турак жай курулушун жана программалардын улануусун камсыздоо. Турак жайга суроо-талап чоң, мисалы, учурда программаларга 104 миңден ашуун адам катталган.

Бюджеттик каражаттар менен гана бул муктаждыктарды толук кандуу канааттандыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, мамлекеттик программаны каржылоонун туруктуулугун камсыздоо максатында ар кандай коммерциялык жана кайрымдуулук механизмдер колдонулат.

ГИКтин негизги максаты — киреше алуу эмес, каражаттарды жыйноо аркылуу жаңы турак жайларды курууну үзгүлтүксүз жүргүзүү жана көбөйтүү. Муну менен мамлекеттик турак жай программалары кеңейип, көп жарандарга жардам берилип келет.

Башкача айтканда, мамлекеттик ипотекалык компания өзүнөн-өзү туруктуу болушу жана элди турак жай менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол бербөө үчүн, коммерциялык механизмдерди колдонуп киреше алып тургандыктан, квартиралардын баалары ар дайым себестоимость боюнча сатылбайт.