Кыргызстанда кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттарын башкаруу боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуу долбоору талкууланды. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.