18-июлда Чолпон-Атада ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Иссык-Кул, Чүй облустарынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери менен иш жүзүндө кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин негизги темасы — Иссык-Кулда өтө турган Formula-1 H2O дүйнөлүк чемпионатынын коопсуздугун жана иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылуу болду.
Октябрь Урмамбетов бул эл аралык маанилүү мелдеш Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы имиджине чоң таасир этерин белгилеп, ички иштер органдарынын жетекчилерине коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча так жана катаал тапшырмаларды берди.


