Британ илимпоздору организмдеги витамин D жетишсиздигин жайкы күндүн нурунун астында жүрүү менен толук калыбына келтирүү мүмкүн эместигин аныкташты. Илимий изилдөө 299 катышуучунун витамин D деңгээлин өлчөдү.

Изилдөөгө катышкандардын жарымы 65 жаштан жогору, калгандары 18 жаштан ашкан жаштар болду. Изилдөө 2024-жылдын декабрь айынан 2025-жылдын август айына чейин жүргүзүлдү. Бул аралыкта катышуучулардын канынан бир нече жолу өлчөм алынган.

Натыйжада 65 жаштан жогору адамдардын болжол менен 55% витамин D жетишсиздигине дуушар болгону белгилүү болду. Жаш курагы аз участниктердин арасында дагы 72% мындай көйгөйгө кабылган. Өзгөчө кара терилүү адамдар дагы көп тобокелчиликте экени белгиленди.

Окумуштуулардын пикиринде, организмде витамин D жетишпегенде жөн гана күнгө чыгып туруунун таасири аз. Андыктан мындай тобокел тобдогу адамдар дарыгерлерге баруусу жана керектүү биоактивдүү кошулмаларды кабыл алганы маанилүү.

Изилдөөнүн чектөөлөрү да бар: катышуучулар башынан эле витамин D жетишсиздигине дуушар болгон, андан тышкары изилдөө өтө аймактык мүнөздө — башка өлкөлөрдө жана климаттык шарттарда абал башкача болушу мүмкүн.