Талас шаарынын мэриясы социалдык тармактарда "Баатырлар" паркындагы аттракциондордун бузулгандыгы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Муниципалитеттен кабарлашкандай, бардык аттракциондор керектүү техникалык текшерүүлөрдөн жана коопсуздук сыноолорунан өтүп, учурда штаттык режимде иштеп жатат.
Заманбап аттракциондор "Баатырлар" паркынын реконструкцияланышынын алкагында колдонууга берилген.
Паркты оңдоп-түзөө











