Рейд боюнча маалымат

Талас облусунун экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыгы Кировское суу сактагычында рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 200 метр узундуктагы синтетикалык балык уулоочу тор табылды жана суудан алынды.

Балык уулоодо синтетикалык торлордун колдонулушу суу биологиясы үчүн чоң зыян келтирет. Атап айтканда, мындай торлор балык ресурстарынын жандануу процессин жана сакталуусун татаалдатат.

Жаратылышты коргоого багытталган рейддер дайыма жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.