Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору “Каратал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көлгө эки күндүк рейд өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө жалпы узундугу 6250 метр болгон мыйзамсыз орнотулган эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып салынды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.
Соң-Көл Кыргызстандын өзгөчө баалуу жаратылыш байлыктарынын бири болуп саналат. Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, суу биологиялык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоону алдын алуу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кирет, — деп белгилешти ведомстводон.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого, өлкөнүн жаратылыш байлыктарына кылдат мамиле кылууга жана аларды келечек муундар үчүн биргелешип сактоого чакырат.




