13-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:49да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан түндүк-чыгышка карай 22 км аралыкта жана Барскоон айылынан түштүк-чыгышка карай 53 км аралыкта жайгашкан.

Аймактагы жергиликтүү тургундар жашаган Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жетти.