Кыргызстандын аймагында август айынын башынан бери тоютунчу жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянып Kaktus.media кабарлайт.

Жер титирөө 13-август күнү саат 02:49да орун алды. Анын күчү 3,5 баллга бааланган.

Титирөөдүн очогу Кара-Сай айылынан түндүк-чыгышка 22 чакырым аралыкта жана Барскоон айылынан түштүк-чыгышка 53 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

Бул окуядан мурдагы жер титирөө 12-августта катталган.

Сейсмолог Канатбек Абдрахматовдун айтымында, Кыргызстанда мындай сейсмикалык көрүнүштөр күчтүү жер титирөөнүн жакындашы тууралуу белгилер эмес.