Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер астындагы термелүүлөр саат 09:33тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашып, Кочубаев айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Аравандан 13 чакырым түндүк-батышта, Андижан шаарынан 28 чакырым түштүктө жана Ош шаарынан 36 чакырым батышта болгон.













