Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Курумды тоосунда дайынсыз болуп, изделип жаткан альпинисттердин сөөгү азырынча табылган жок.
Издөө иштери убактылуу токтотулду. Мындай чечимге альпинисттердин жайгашкан жери жакындагы чокудагы муздун тез эруүсү жана кыйын метеорологиялык шарттар себеп болду.
ӨКМ альпинисттердин жана издөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында азырынча издөө иштерин токтотуп, кырдаалды көзөмөлдөөгө өтүү тууралуу чечим кабыл алган.








