Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мамлекеттик жана спорттук объекттериндеги даярдык иштерин байкап чыкты.

Ал иш-чаралардын сапаттуу жана үзгүлтүксүз өтүшүнө шарт түзүү максатында бардык керектүү чаралар көрүлүп жатканын көзөмөлдөдү.

Оюндар келгенде катышуучулар жана коноктор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүсү маанилүү экени белгиленди.