Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбордук Азия үчүн жаңы нефть кайра иштетүү заводун курууну сунуштады. Ал бул демилгесин Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын неформал жыйынында билдирген.
Рахмон аймактын ички күйүүчү май муктаждыгын жабуу максатында заводдун иштеши маанилүү экенин айтты. Бирок адистер бул маселеге карата башка жагдайларды эске алууну сунушташат.
Эксперттердин айтымында, Борбордук Азияда күйүүчү май көйгөйү жөн гана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнүн аздыгынан эмес, толук нефть рыногу жана чийки заттын жеткиликтүүлүгү маселесинен улам келип чыга жатат.
Азыркы учурда аймакта ири жана кубаттуу бир нече нефть кайра иштетүү заводдору бар. Мисалы, Түркмөнстандын Туркменбашы нефть комплекси Каспий деңизи боюнда жайгашкан жана номиналдык мааниде эң чоң заволардын бири болуп саналат.





















