Кыргызстандын аймагында альпинисттер тобу дайынсыз жоголуп, аларды табуу үчүн кеңири издөө-куткаруу иштери башталды. Жоголгондордун арасында Беларусиянын эки жараны бар экени белгилүү болду.
Маалыматтарга ылайык, альпинисттер 6613 метр бийиктикте жайгашкан Корумду чокусуна чыгышкан. Алар 4-августта өз операторуна базалык лагерге түшө баштаганын кабарлашкан. Бирок ошондон бери алар менен байланышка чыгууга мүмкүн болгон эмес жана альпинисттер белгиленген убакта көзөмөл пунктуна келген эмес.
Учурда Беларусиянын Альпинизм федерациясы кыргызстандык кесиптештерине жардам сурап кайрылып, дайынсыз жоголгон альпинисттерди табуу иштерин координациялоодо.










