Дайынсыз жоголгон альпинисттер тобу Кыргызстанда Корумду чокусуна чыгуу аракетин жасаган. Алардын ичинен эки адам Беларустун жарандары экени айтылат. Бул тууралуу беларусь республикасынын ОНТ маалымат агенттиги Nomad басылмасына шилтеме берип кабарлады.
ЖМКнын маалыматы боюнча, альпинисттер 6613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна ийгиликтүү чыгышкан. Алар 4-августта өз операторуна чокудан түшүүгө башташканын билдиргенден кийин байланыш үзүлгөн.










