2026-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын банктар секторынын жалпы активдеринин көлөмү 1 триллион 577,3 миллиард сомду түздү.

Бул активдер быйылкы жылдын башынан бери 30,2 процентке өскөнү белгиленип, экономикалык көрсөткүчтөрдө оң динамика байкалууда.

Мындан тышкары, насыя берүү көлөмүнүн өсүшү аманаттардын өсүшүнө салыштырганда дээрлик үч эсе жогору болуп, кардарлардын насыяга болгон суроо-талап жогору экени көрүнгөн.