Кыргызстанда коммерциялык банктар 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жаңы насыяларды 282,6 миллиард сомго чыгарды. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине караганда 12,1%га же 30,5 миллиард сомго көп.
Насыя берүү көлөмү экономиканын көпчүлүк тармактарында өстү, бирок социалдык кызматтар тармагында 1,2 миллиард сомго, ал эми соода жана коммерциялык операцияларда 14,5 миллиард сомго кыскарган.
Банк насыяларынын өсүшүнө керектөөчү сегменттен 19 миллиард сом, курулуш секторунан болсо 12,7 миллиард сом өлчөмүндө жаңы насыялар көмөктөшкөн.
Ушул жылдын алгачкы жарым жылдык көрсөткүчтөрүнө таянып, банктар келерки жылы насыя берүү активдүүлүгүн көбөйтүүнү уланта турганы байкалууда.







