Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Кыргызстанда иштеген туроператорлорду каттоону киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Эмне себептен зарыл?
Агенттиктин маалыматы боюнча, республикадагы авиаташууларды сатуу рыногу азыркы учурда жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан кошумча мониторингге жана системалаштырууга муктаж.
Жүргүнчүлөрдү тарифтерди колдонуу эрежелери, жашыруун жыйымдар, ошондой эле жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына кызмат көрсөтүү жаатындагы авиациялык эрежелердин талаптарын бузуу боюнча туура эмес маалымат берүү учурлары көп кездешет.
Пилоттук долбоордун максаты
Ошондуктан мамлекеттик агенттик авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди 11 айлык мөөнөткө каттоонун пилоттук долбоорун өткөрүүнү сунуштайт.
МАЖАА бул чара авиабилеттерди брондоо жана сатууну ишке ашырган субъекттердин ишин өркүндөтүүгө, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнө так маалымат берүүнү камсыздоого, ошондой эле алардын укуктарын коргоого алып келет деп эсептейт.
Пилоттук долбоордун негизги максаты — ак ниетсиз ортомчулукту жокко чыгаруу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн субъекттерди авторизациялоо механизмин киргизүү.











