Tazabek басылмасынын маалыматына ылайык, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиабилеттерди брондоо, тариздөө жана сатуу менен алектенген субъекттердин ишин жөнгө салуучу убактылуу жобону бекитүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, бул долбоор авиакассалардын жана авиабилет сатуучу агенттердин ишмердүүлүгүн 11 айлык мөөнөткө убактылуу, пилоттук эсепке алуу, иретке келтирүү жана стандартташтыруу механизмин киргизүүнү карайт.

Документ жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоого, коопсуздукту жогорулатууга, авиакассалар менен агенттиктердин кызматкерлерине карата негизги квалификациялык талаптарды белгилөөгө, ошондой эле иштеп жаткан субъекттердин ачык электрондук реестрин түзүүгө багытталган.

Долбоордо жүргүнчүлөргө тарифтердин шарттары, билеттерди кайтаруу жана алмаштыруу эрежелери, ошондой эле атайын ташуу шарттары, анын ичинде кош бойлуу аялдарды, багажды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу эрежелери тууралуу так жана милдеттүү түрдө маалымат берилиши керектиги белгиленген.

Ошондой эле, бул долбоор каржылык алдамчылыктын тобокелдиктерин азайтууга, глобалдык дистрибьютордук системалардагы жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын коргоого жана брондоо системаларына уруксатсыз кирүүгө жол бербөөгө багытталган.

Маалымкатта айтылгандай, Кыргызстандагы аба ташууларды сатуу рыногу Жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан кошумча мониторингди жана системалаштырууну талап кылат.