Ички иштер министрлигинде (ИИМ) коллегиянын отуруму болуп, анда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.
Жыйындын соңунда өлкө боюнча видеокөзөмөл системасын кеңейтүү пландары айтылды. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин Кыргызстандын аймагына жалпысынан 20 миңге жакын видеокамера орнотулмакчы.



