Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча бюллетенге таянсак, балалардын тамактануусундагы эң курч маселе — калориялык жана белоктордун жетишсиздиги. Эгерде жалпы балалардын тамактануусунда калория жетиштүү болсо, белоктун жетишпөөсү бардык топтордо байкалууда.

Эң алгачкы жаштардын тартыштыгы

1 жаштан 3 жашка чейинки балдар эң көп коркунуч астында калууда. Алардын рационунда калория гана эмес, майлардын да жетишсиздиги байкалат. Ал эми чоңураак балдарда калория нормасы сакталганы менен, белоктун өлчөмү төмөн бойдон калууда.

1-3 жаштагы балдардын жетишсиздиги

39белок (1-3 жаш)
62норма (белок, 1-3 жаш)
44май (1-3 жаш)
59норма (май, 1-3 жаш)
248калориялык тартыш (1-3 жаш)

Жаш курактар боюнча көрсөткүчтөр

Статистикалык маалыматтарга ылайык, балалардын башка возрастдик топторундагы белоктордун жетишсиздиги төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

Башка возрастдук топтордун белоктогу жетишсиздиги

49белок (4-6 жаш)
62норма (4-6 жаш)
59белок (7-13 жаш)
73норма (7-13 жаш)
67белок (14-17 жаш)
78норма (14-17 жаш)

Жалпылоо менен алганда, 1 жаштан 17 жашка чейинки балдардын орточо калориялык керектөөсү суткасына 2 019 ккал түзөт, бул керектүү 1 920 ккал деңгээлинен жогору.