Курулуш компаниясы бир нече көп кабаттуу имараттарда эрежелерди бузгандыгы үчүн жазаланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы

Жалал-Абдад аймактык мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин башкармалыгы компанияга таандык төрт курулуш объектисин текшерип чыккан. Текшерүү учурунда курулуш ченемдеринин жана коопсуздук техникасынын талаптарынын бузулушу аныкталган.

2,2миллион сом
4курулуш объектиси

Текшерүү жүргүзүлгөн имараттардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • З. Жамашева көчөсү, 135 — тогуз блоктон турган 12 кабаттуу имарат
  • Ю. Абдрахманов көчөсү, 3А — 27 блоктон турган 15 кабаттуу имарат
  • Барпы Сейил көчөсү, 179 — беш блоктон турган 9 кабаттуу имарат
  • Ю. Абдрахманов көчөсү, 7/1 — он бир блоктон турган 12 кабаттуу имарат

Текшерүүнүн жыйынтыгында компанияга эреже бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөр берилип, жалпы суммада 2,2 миллион сом айып пул салынган.