Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Тамчы» эл аралык инвестициялык-каржылык аймагын түзүү өлкөнүн ички каржы жүгүртүүсүн арттырып, инвестицияларды тартууга жана бюджетке кошумча кирешелерди алып келүүгө шарт түзөрүн айтты. Ал бул тууралуу радио эфиринде билдирген.
Анын айтымында, аталган аймак инвестициялык фонддорду башкаруу жана каржы инфраструктурасын өнүктүрүү максатында түзүлүүдө.
Амангельдиев «Тамчы» зонасын түзүүдө Кыргызстан Гонконг, Абу-Даби, Дубай жана «Астана» эл аралык каржы борбору сыяктуу алдыңкы эл аралык каржы борборлорунун тажрыйбасына таянарын белгиледи.
Анын айтымында, мындай аянтчалардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – англис укугунун принциптерине негизделген көз карандысыз сот системасынын болушу.





