Монголия өкмөтү күйүүчү май кризисин жеңүү үчүн узак мөөнөттүү жана баскыч баскыч планынын үстүнөн иштеп жатат. Анын алкагында мунай өнүлөрүнүн импорту диверсификацияланат жана өлкөнүн энергетика секторуна салыктык жана каржылык колдоо чаралары каралууда.
Министрлер кабинетинин жыйынында Россия, Кытай жана Түштүк Кореядан келүүчү күйүүчү май жеткирүү графиктери кайра каралып, өлкөдө мунай кайра иштетүүчү завод курууга мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу милдети коюлду.
Монголия Борбордук банкы энергия секторундагы компанияларга күйүүчү май сактоо резервуарларын куруу үчүн 360 млрд төгрөг (тагача 100 млн АКШ доллары) жакын жеңилдетилген насыя бөлүп берди.













