Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 24.kg сайтында берген маегинде Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал темир жолунун курулушун улантууну пландап жатканын билдирди.

Президент билдиргендей, Балыкчыдан Кочкорго чейинки секция ушул жылда бүтүп, аталган жол аркылуу адамдар түндүк жана түштүк аймактар арасында поезд менен саякаттай алышат. Ошондой эле логистиканы төмөндөтүү максатында жүк ташуу үчүн темир жол колдонулат.

Жолду Макмалга чейин өз күчү менен 2035-2037-жылдар аралыгында бүтүрүү пландалууда. Бирок инвестиция тартылса, бул процесс ыкчамдалып, курулуш 2032-2035-жылдары бүтүп калышы мүмкүн.

Курулуш үчүн болжол менен бир миллиард доллар талап кылынат. Президент долбоор бүткөндө "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу да ишке кирип, бул Кыргызстан үчүн чоң стратегикалык мааниге ээ экенин белгиледи.

Жолдун Кара-Кечеге чейинки бөлүгүн куруу салыштырмалуу жеңил болсо, андан ары курулушта көпүрөлөрдү жана туннелдерди куруу сыяктуу кыйынчылыктар пайда болот.

Мисалы, бир чакырым темир жолду түз сызыкта куруу 955 миң долларга, ал эми тендерде сунушталган баалар 5-6 миллион долларга жеткен. Ошондон улам кыргыз тарап өз күчү менен 64 чакырым жолду курууну чечип, 64 миллион долларга бүттү.