Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, аймактагы жол кырсыктарынын көпчүлүгү малчылардын кайдыгердигинен улам келип чыгууда. Учурда кырсыктардын алдын алуу үчүн атайын иш-чаралар көрүлүүдө.

Кырсыктардын статистикасы

307жол кырсыгы
156мал менен байланыштуу
41каза болгон адам
233жараат алган адам

Аыйрыкча, кырсыктардын алдын алуу максатында жол жээктериндеги 4 миң 702 баш ириң малга чагылыштуу ленталар жабыштырылды. Бул чара түн ичинде же көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген учурларда айдоочуларга жаныбарларды алдын ала көрүүгө жардам берет.

Алдын алуу иштери

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга талааларда жана жолдардын боюнда калган малдар үчүн убактылуу жайларды уюштуруу, ошондой эле күн энергиясы менен иштеген чырактарды орнотуу боюнча сунуштар берилди.

Контекст

Нарын облусунун жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсыктардын алдын алуу жана материалдык зыяндын алдын алуу үчүн мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жана рейддерди өткөрүп жатат.