Кыргызстандын Улуттук банкы төлөм уюмуна 1 081 609 сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу банктын көзөмөл комитети билдирди.

Айып пул төлөм уюмунун автоматташтырылган системаларынын иштөө тартибин жана операциялар боюнча маалыматтарды сактоо талаптарын бузганы үчүн каралды.

Андан сырткары, эл аралык электрондук акча которууларында кардарды тийиштүү деңгээлде текшерүү боюнча мыйзам талаптары аткарылбаганы белгиленди.

Улуттук банк айып салынган төлөм уюмунун атын ачык айткан жок.

Мындан тышкары, регулятор бардык каржы мекемелерине валюта алмашуусунда талаптар катууланарын, санкцияланган адамдардын тизмесин бир жолку операцияда суммага карабай текшерүү каралганын эскертти.