Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Кыргызстанда каралып жаткан трансгендер жана гендер түрдүүлүгүнө байланыштуу мыйзам долбооруна терең тынчсыздануусун билдиришти.

Эксперттердин баамында, бул мыйзам долбоору мамлекеттик деңгээлде дискриминацияга, ошондой эле трансгендер жана гендер түрдүүлүккө тиешелүү адамдардын негизги укук жана эркиндиктеринин олуттуу чектелишине алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан, Бириккен Улуттар Уюмунун адистери Кыргызстан бийлигин бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, аны кайтарып алууга чакырышты.