Министрдин иш сапарынын алкагында райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имараты каралып, курулуш иштеринин сапаты жана кызматкерлер үчүн шарттар текшерилди.
Селден коргоо жана дамбаларды калыбына келтирүү
Текшерүү учурунда Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылында селден жабыркаган дамбанын бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө көз салынды. Ошондой эле Жаңы-Тилек айылында курулуп жаткан селден коргоочу каналдын абалы каралды.
Мындан тышкары, Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы «Шырдабектин» сайынын жээгинде курулуп жаткан дамба текшерилди. Бул объект жээк эрозиясынын алдын алуу жана аймакты суу каптоо коркунучунан коргоо максатында курулуп жатат.
Канатбек Чыныбаев курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана коопсуздук талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурган.











