Милиция кызматкерлери социалдык тармактарда тараган видеодогу адамдарды таап, аларды кармады.

Видеого ылайык, жылаңач эркек киши тротуарда бара жаткан кызга кол салып, аны менен кошо кулап, андан кийин окуя болгон жерден качып кеткени көрүнөт. Кийинки кадрларда ал киши келген унаага отуруп, кетип калат.

Видеодогу фигуранттар – 1990-жылы туулган А.Х. жана 1991-жылы туулган Б.У. аттуу жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилди. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлгөн.