Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жол куруу иштеринин кечеңдеши жана өсүп кеткен баалары тууралуу ой бөлүштү. Ал Кумторго бара турган жолдун курулушун мисал келтирип, бул жумуш кытай компанияларынын ордуна кыргыз компанияларына берилгени себептүү убакыт жана акча жагынан чоң жоготуулар болгонун айтты.

Жапаровдун айтымында, баштапкы пландоо боюнча 1 километр жолдун курулушу кытай компаниясы China Road тарабынан 800 миң долларга жасалышы керек болчу. Бирок кыргыз компаниялары бул сумманын бир бөлүгүн субподряд катары алып, жолду түздөн-түз өздөрү жасоону сунушташкан.

Президент кыргыз компанияларына 2 жылда иштерин бүтүрүү тапшырмасын берген, бирок учурда беш жыл өтсө да кеминде 100 километр жол бүтө элек.