Президент Садыр Жапаров темир жол линиясынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып, 63 чакырымдык жол толугу менен бүткөрүлгөнүн билдирди. Курулуш учурунда болжол менен 1 миллион куб метр жардыруу иштери аткарылып, 8 чакырым тоолуу аймак тазаланган.

Жолдун бир чакырымынын курулуш баасы 955 миң долларды түзгөн. Президенттин айтымында, бул долбоор башталганда жакын жана алыскы коңшулар арасында конкурс өткөрүлгөн. Алар бир чакырым темир жолду 4,8 миллиондон 6,8 миллион долларга чейин курууну сунушташкан.

Биз мунун өтө кымбат экенин түшүнүп, тобокелчиликке барып, курулушту өз күчүбүз менен баштадык. Натыйжада, бир чакырым жолду болгону 955 миң долларга бүтүрдүк.
Садыр Жапаров

Президент темир жолдун баасын Түндүк-Түштүк альтернативдик жол долбоору менен да салыштырды. Анын айтымында, 433 чакырымдык Балыкчы-Жалал-Абад жолунун бир чакырымын куруу 2,5 миллион долларга бааланган. Ошол эле учурда бул жол толугу менен пайдаланууга бериле элек.

Эмне үчүн баа мынчалык жогору болду? Албетте, ал сумманын жарымы уурдалган. Темир жол менен автомобиль жолун салыштырууга болбойт: темир жолду куруу кымбатыраак жана татаалыраак. Бирок ошентсе да, биз бир чакырым темир жолду болгону 955 миң долларга курдук.
Садыр Жапаров