Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасын күчөтүүдө. Бул эл аралык иш-чараларга 600дөн ашык медицина кызматкерин тартуу пландаштырылууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ведомстводо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөн. Жолугушууда катышуучулар жана коноктор үчүн медициналык жардамды уюштуруу жана бардык кызматтардын координациясы талкууланды.
Оюндар өткөн аянтчаларда ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана мобилдик госпиталь жайгаштырылат. Мындан тышкары, тез жардам бригадалары да күчөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чаралар учурунда медициналык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу өткөрүп берет. Ал керектүү медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ыкчам аракеттенүү үчүн колдонулат.
Бул ишке баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистер, үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлери жана медицина кызматкерлери, Профилактика департаментинин кызматкерлери тартылат.

















