2026-жылдын 14-августунда Чолпон-Атада суу транспорту менен байланышкан коопсуздук маселелерин талкуулаган кеңири жыйын уюштурулду. Бул иш-чараны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы өткөрдү.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Табиятты коргоо жана техникалык көзөмөл министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, ошондой эле жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 жарлыгына, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №199-т токтомуна жана 2026-жылдын 16-февралындагы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №44 буйругуна ылайык өткөрүлдү.











