Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Талас аймактык башкармалыгы Кызыл-Адыр айылында, Талас – Тараз автожолунун 32-километринде жайгашкан «Red Petroleum» объектисиндеги мыйзамсыз иштерди текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
Текшерүү учурунда реконструкция иштерине тийиштүү долбоордук документтердин жок экендиги, ошондой эле объект курулуштун бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбагандыгы белгиленди.
Мыйзам бузууларга жооптуу тарап катары «Альфа-Ойл» ЖЧКсы көрсөтүлдү. Аталган компанияга карата мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмө берилип, акт түзүлдү. Ошондой эле КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү.
Компания жөнүндө маалымат
«Red Petroleum» май куюучу станцияларынын тармагынын оператору «Альфа-Ойл» ЖЧКсы болуп саналат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — адистештирилбеген опттук соода.
- 28-ноябрь, 2014-жыл
Компания расмий түрдө катталган
- 21-июнь, 2016-жыл
Кайра каттоо процедурасы өткөрүлгөн















