Туркменистандын Министрлер Кабинетинин орун басары Маммет Акмаммедов Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин орун басары жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен болгон жолугушууда порттун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча жеңилдетилген шарттарды сунуштоо тууралуу билдирди, деп кабарлайт Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы.

Логистикалык коридорду өнүктүрүү

Кыргыз тарап Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча жүк ташуу үчүн портту кеңири пайдаланууга кызыкдар экенин айтты. Мындан тышкары, тараптар Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан курулуп жаткан темир жолунун ишке киргизилишин маанилүү кадам катары белгилешти.

Бул долбоор Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан—Туркменистан—Азербайжан—Европа мультимодалдык коридорун түзүүгө жол ачат.

Биз Туркменистанды кыргыз жүкчүүлөрүнүн Каспий регионуна жана Европага чыгуусун камсыз кылуу үчүн чоң потенциалга ээ болгон маанилүү транзиттик өнөктөш катары карайбыз.
Эрлист Акунбеков

Кызматташтыкты активдештирүү

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эл аралык жүк ташуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана эки өлкөнүн транзиттик потенциалын пайдалануу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашты.