Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Талас шаарындагы Шамбетов көчөсүндө курула турган «Баластан» балдар оюн-зоок комплексинин долбоорунун чоо-жайын көрсөттү.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, комплекс 6,5 гектар жалпы аянтты ээлейт. Анын курамына тогуз заманбап объект кирет, ал эми негизги имараттын аянты 17 миң чарчы метрден ашат.
Долбоорлоодо майып балдардын эркин жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Архитектуралык чечимдер муну эске алган. Мындан тышкары, комплексте 360 градустук интерактивдүү проекциялар, санариптик искусство жана тематикалык мультимедиалык мейкиндиктерди камтыган заманбап санариптик технологиялар колдонулат.
Министрлик ошондой эле, комплекстин башкы планын бийиктиктен караганда «Манас» улуттук орнаментинин элементин кайталай турганын белгиледи.
Ведомствонун маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана борбордун жашоочулары үчүн да, аймакты өнүктүрүү үчүн да маанилүү объект болуп калат.
Комплексти 2026-жылдын августунда пайдаланууга берүү пландалууда.







