Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында кайгылуу окуя болду. Милиция кызматкерлеринин маалыматына таянып, Nomad TV кабарлаганда, 30 жаштагы чет элдик турист сууда гидроцикл менен сүзүп жүргөндө өз досунун гидроциклине кагылып калган.
Кагылышуу жээктен болжол менен бир километр алыстыкта болгон. Алган жаракаттарынан улам эркек ошол замат каза болгон.
Учурда укук коргоо органдары кырсыктын толук чөйрөсүн, кагылышуунун кандай жагдайда болгонун тактап жатышат.
