Материалдар: 4
Чагылдыруу тону: Оң
Ош шаардык мэриясында мэр Жанарбек Акаев менен Туризмди өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов жолугушуп, шаардагы туризм потенциалын жогорулатуу, мейманкана тармагын өнүктүрүү жана тарыхый- маданий мурастарды экономикалык өнүгүүдө колдонуу маселелери каралды.
Кыргызстан туризм тармагында стратегиясын өзгөртүп, арзандатылган эс алуудан сапаттуу кызмат көрсөтүү жана коопсуздукка басым жасоого өтүүдө. Эл аралык жылдыздуу классификация, «Эдельвейс» сыяктуу жаңы сертификаттоо системалары киргизилип, туристтердин өлкөгө кызыгуусун жогорулатууга багытталууда.
Кыргызстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтердин агымын жакынкы жылдарда 10 миллион адамга жеткирүүнү максат кылышууда. Бул багытта эки тарап чек арадагы процедураларды жеңилдетип, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.
31-июлдан 2-августка чейин Иссык-Көлдө борбор Азиядагы биринчи жолу өтө турган суудагы Формула-1 боюнча дүйнөлүк чемпионаттын UIM F1H2O этапы уюштурулат. Бул ири спорттук иш-чара Кыргызстанды глобалдык окуялык туризмдин борбору катары таанытууга жана экономикалык өнүгүүгө жаңы дем берет.