Материалов: 1645
Ала-Буканын аймагында 23-июлда болгон уюл жана сел кесепетинен 299 гектардан ашык төртүм жерлери жабыркады. Аким Темирболот Абыкеевдин маалыматына караганда, зыяндын жалпы суммасы 12 миллион 361 миң сомдон көп болду.
Ош облусунун Кара-Суу районунда кирпич заводунун аймагында өндүрүш станогуна түшүп кеткен кытайлык жаран каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
28-июль, шейшемби күнү Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы пландуу түрдө өчүрүлө турганы кабарланды. Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан эркек киши жабыркап, анын колу үзүлүп калган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдиришти.
Ысык-Көл райондук соту Кара-Ой айылындагы эс алуу зонасында эркек кишинин денесине ур-токмок кетип каза болушу боюнча кылмыш иши менен соттолгондордун арасынан милициянын бир кызматкерин 14 жылга кесүү чечимин чыгарды. Иш боюнча эки милиция кызматкери камакка алынган.
Бишкекте ысык аба ырайы кайрадан орноп, тамак-аштан уулануу коркунучу жогорулап жаткандыктан, шаар тургуну Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз таттуу азыктардын сатылышына көңүл бурду. Алынган сүрөттөрдө азыктарды сактоо шарттары одоно бузулганы байкалган. Бул кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын ишине байланыштуу суроолорду жаратууда.
Ош шаардык соту өспүрүмдү сабоого шектелген эркек кишиге карата бөгөт коюу чарасын тандап, аны үй камагына алды. Маалыматтарга ылайык, окуядан кийин тараптар ортосунда элдешүү болгон.
Узген районунун Кызыл-Тоо айылында суу түтүктөрүнүн эскиришинин натыйжасында таза суу менен камсыздоо маселеси курч бойдон калууда. Калың машина өтүшү суу түтүктөрү бузулуп, айыл тургундарынын суу көйгөйү курчуп кетти.
Ысык-Көлдө казакстандык турист менен пансионаттын кызматкерлеринин ортосунда чыккан жаңжал тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Алдын ала маалыматтарга караганда, чырга таштанды себеп болгон, учурда окуяны Кыргызстандын милициясы иликтеп жатат.
Жалал-Абад облусунун Ала-Букан району жана Баткен облусунун Кадамжай району боюнча эки райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү булактар билдиришти. Кадрдык чечимдер Ички иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынында кабыл алынган.
Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдыдагы саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык штабдын жыйыны өттү. Анда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков мамлекеттик органдардын жетекчилеринен бардык инциденттердин алдын алуу үчүн толук чараларды көрүүнү талап кылды.
Талас облустук прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду. Алар бир нече укук бузуу иштери боюнча алынган далил буюмдарды мыйзамсыз жок кылган деп айыпталууда.