12-августта Баткен шаарында саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы берүү токтотулду. Бул аралыкта айрым райондордо суу берүү сааттык графикте өзгөрүүлөргө учурады.

Баткен мэриясынын билдирүүсү боюнча, электр энергиясын токтотуу күз-кыш мезгилине карата энергия тармактарын даярдоо иштери үчүн жүргүзүлдү.

Аймактагы сааттык график менен суу берген райондордо ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулса, күнүнө туну менен суу алгандар үчүн суу берүү нормалдуу режимде уландырылды.